¾ÅɫÍø

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ Административдик бөлүнүштөр/ Гранттарды координациялоо кеңсеси

Гранттарды координациялоо кеңсеси

БААУнун Гранттар кеңсеси университеттин гранттары боюнча донорлорго, университеттин жетекчилигине жана Камкорчулар кеңешине үзгүлтүксүз отчет берет.

Гранттар кеңсесинин миссиясы — студенттер, донорлор жана гранттык долбоорлордун бенефициарлары менен натыйжалуу өз ара байланыш түзүү, ошондой эле БААУнун коомчулугуна гранттар боюнча сапаттуу консультациялык колдоо көрсөтүү аркылуу университеттин гранттарын талаптагыдай координациялоо жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.

Гранттык долбоорлордун натыйжалуу жана талаптарга ылайык ишке ашырылышы, гранттык каражаттардын ачык-айкын жана максаттуу пайдаланылышы, ошондой эле донорлорго отчеттордун өз убагында берилиши учурдагы донорлор менен туруктуу жана жемиштүү узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүдө жана жаңы гранттык мүмкүнчүлүктөрдү тартууда маанилүү роль ойнойт.