БААУнун командасы Эл аралык олимпиадага татыктуу катышты
14-15-декабрда Астанада ICPC спорттук программалоосу боюнча Эл аралык студенттик олимпиаданын жарым финалы болуп өттү. Мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан жалпы 270 студент катышты.