АДАМ РЕСУРСТАРЫ БӨЛҮМҮ
Ìý
Административдик Кызматтар Борбору (АКБ) БААУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине Адам ресурстары бөлүмүнүн ишине байланыштуу негизги маселелер боюнча, ошондой эле суроо-талаптарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон баштапкы документтерди алуу боюнча консультация берет.
Мындан тышкары, АКБ төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
-
Жумушка орношуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин берүү;
-
Жумушка кабыл алуу тууралуу жарыяларды веб-сайттарда, социалдык тармактарда жана гезиттерде жарыялоого техникалык жардам көрсөтүү;
-
Иштеген жери тууралуу маалымкаттарды берүү;
-
Эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн берүү;
-
Жаңы чет өлкөлүк окутуучулар жана кызматкерлер үчүн социалдык камсыздандыруу күбөлүктөрүн алуу максатында Социалдык фондго тапшыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо;
-
БААУнун окутуучуларынын жана кызматкерлеринин байланыш телефондору боюнча бирдиктүү маалымат базасын жүргүзүү жана жаңыртып туруу;
-
Окутуучуларга жана кызматкерлерге контрольдук баракчаларды берүү.