ОКУУГА ТАПШЫРУУЧУЛАРГА
Ìý
Административдик Кызматтар Борбору (АКБ) БААУнун студенттерине кабыл алуу комиссиясынын ишине байланыштуу маселелер боюнча, ошондой эле суроо-талаптарды кароо үчүн зарыл болгон документтерди алуу боюнча консультация берет.
Мындан тышкары, АКБ төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- Обходдук баракчаларды берүү жана толтурулган формаларын кабыл алуу;
- БААУнун учурдагы студенттеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн жана окуудан чыгарылган студенттеринин өздүк делолорун сактоо жана жүргүзүү;
- Окуудан чыгарылган студенттерге жана аспиранттарга белгиленген талаптарга ылайык төмөнкү документтерди берүү:
- Мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк;
- ЖРТ сертификаты.