ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун магистратурасы

16&Բ;июля&Բ;2026

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) - Эл аралык стандарттар менен маданияттар аралык баарлашууга басым жасалган дүйнөлүк деңгээлдеги магистартураны сунуштаган аймактагы алдыңкы билим берүү борбору. БААУнун магистартурасында билим алуу кесипкөйлүк жана инсандык жактан өсүп-өнүгүү үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Студенттерге өз дараметин ачууга жана карьерасында жаңы кадам жасоого жардам берет.


БААУда магистратуранын 7 программасы бар:

  • Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү
  • Борбордук Азияны иликтөө (MACAS)
  • Педагогика
  • Укук (LLM)
  • Психология
  • Бизнести башкаруу (МВА)
  • Экономика

БААУнун магистратурасынын чоң артыкчылыктарынын бири - Эл аралык алмашуу программаларына катышуу. Бул АКШ, Европа жана Азиянын алдыңкы окуу жайларында билим алуу менен дүйнө таанымды кеңейтүү, тил ыкмаларын тереңдетүү жана чет өлкөлөрдө кесипкөйлүк байланыштарды түзүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Мындай тажрыйба кесипкөйлүк профилди гана күчөтпөстөн, бүтүрүүчүлөрдү глобалдык рынокто атаандаштыкка туруктуу кылат.

Магистратурага окууга кирүү - лидерликке жана жогорку карььералык ийгиликтерге умтулгандар үчүн маанилүү кадам. БААУнун студенттери терең билимдерди алышат, сын көз-карашта ойлонууну өнүктүрүшөт жана заманбап тез өзгөрүлчү шарттарда зарыл болгон ыкмаларга ээ болушат. Магистратура тандалган тармакта адистешүүгө шарт түзөт, жогорку айлык акы төлөнүүчү кызматтарга жол ачат жана карьералык өсүүнүн перспективаларын кеңейтет.

БААУнун магистратурасын тандоо менен сиз жөн гана дипломго эмес, а толук кандуу кесипкөй коомчулукка, эл аралык мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө жана максаттарга жетүү жолунда колдоого ээ болосуз.

БААУнун магистратура программалары тууралуу толук маалымат:

Магистратурага өтүнмө берүү: .

<< Назад к списку