“Виктория 2026” сынагы: БААУда билим алууга 100% га чейин арзандатуу алуу мүмкүнчүлүгү
6&Բ;марта&Բ;2026

12-мартта европалык реалдуулуктар боюнча билимди текшерген “Виктория 2026” сынагына каттоо аякталат. Бул БААУда билим алуу үчүн арзандатуу жеңип алууга жакшы мүмкүнчүлүк. Сынак тууралуу “Европа таануу” концентарциясынын координатору Любовь Жданова баяндайт.
– “Виктория” сынагы компьютердик версияда ойлонуп табылган жана ошол тартипте өткөрүлөт. Университет iSpring лицензиялык программасын сатып алган жана анын негизинде интерактивдүү квиз/тест түзүлөт. Ал ар бир секция боюнча добуштарды автоматтык түрдө эсептейт. Бардык маалыматтар серверге чогулуп, excel таблицасына өткөрүлүп, таблицанын негизинде жеңүүчүлөр аныкталат.
5 секция бар: география, искусство, тарых, адабият жана Европа Биримдигинин саясаты. Ар бир секциянын жеңүүчүлөрү белектер менен сертификаттарга ээ болот.
Сынактын байге ээлери белектер гана эмес, ошондой эле билим алууга арзандатуунун өлчөмү көрсөтүлгөн сертификаттарды алышат:
Биринчи сыйлык: билим алууга 100% арзандатуу
Эки экинчи сыйлык: билим алууга 60% арзандатуу
Үч үчүнчү сыйлык: билим алууга 40% арзандатуу
Арзандатуулар кабыл алуу сынактарын тапшыргандан кийин жеткиликтүү болот жана Эркин искусстволор жана илимдер факультетинде жана Европа таануу концентрациясында 4 жылдык билим алууга берилет. 2019-жылдан бери биз 7 сынак өткөрүп, 18 катышуучу билим алууга арзандатууларга ээ болду.
Учурда сынактын 5 сыйлык ээси билим алууда. Үчөө БААУну аяктап, дипломдорго ээ болушту: Алмазбекова Аида Францияда SciencePo, Reims институтунда алмашуу программасынын негизинде бир семестр окуп келди. Андан соң Бишкекте ЕККУда эмгектенген. Ушул тапта ал ЕККУнун Венадагы штаб-квартирасында иштейт.
Лыхин Святослав “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмесинде эмгектенген. Ар кандай шаарлар жана өлкөлөрдө конференцияларга катышкан: Ташкент (Өзбекстан), Алма-Ата (Казакстан), Шарм-эль-Шейх (Египет). Учурда Борбордук Азияда турлидер болуп иштейт жана көп саякаттайт.
Бермет Момоева 4 жыл Европа таануунун мыкты студенти болгон, Германияда Магдебургда семестр билим алып келген.
Сати Кенчибаева учурда 3-курстун студенти, 2025-жылдын күзгү семестрин алмашуу программасынын негизенде Берлинде өткөргөн. Ушул тапта Европа таануу концентрациясынын мыкты студенти.
Сынак тууралуу бардык маалыматтарды БААУнун сайтынан, Instagram, Facebook, Telegram`дагы баракчаларынан табууга болот.
Сынак университеттин компьютердик лабораторияларында өтөт. Биз 22 жашка чейинки Кыргызстандын жараны болгон, өз күчүн сынап көргүсү келген жана Борбор Азиянын мыкты окуу жайында билим алгысы келген орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн чакырабыз!